Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жүргүнчүлөр менен бара жаткан автобустун арткы дөңгөлөгү ысык суу толгон чуңкурга кирип кетип, кырсыкка учурады. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, кырсыктан жабыркагандар жок.
“Коомдук транспорттун айдоочу өз учурунда жүргүнчүлөрдү автобустан түшүрүп калууга жетишкен. Окуя Автово метросундагы Кронштадцкая көчөсүндө болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, Санкт-Петербургда жылытуу мезгили түтүктүн жарылышы менен башталган. Андыктан асфальт чогулган ысык суудан улам чөгүп кеткен.