Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Түндүк Кореянын аскерлери Украинадагы согушка катышышы мүмкүн делген маалыматка комментарий берип, кийин аны кайра өчүрдү. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Владивостоктогу өкүлчүлүгүнүн телеграмм каналында Түштүк Кореянын Yonhap агенттигинин макаласынын шилтемеси жарыяланган. Ал макалада Түндүк Кореянын 15 миңдей аскери Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн экени жазылган.
Бул билдирүүгө Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Владивостоктогу өкүлчүлүгү "Коркунучтуубу?" деген билдирүү жасап, кийин аны кайра өчүргөн.
8-октябрда Түштүк Кореянын коргоо министри Ким Ён Хен Түндүк Корея Орусияны колдоо үчүн Украинага өзүнүн аскерлерин жөнөтүүнү пландап жатканын билдирген. Анын айтымында, Орусия менен Түндүк Корея атайын келишимге кол койгондон кийин окуялардын мындан аркы өнүгүшү абдан чоң.