Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын жана Британиянын Оксфорддун жакырчылык жана адамдык өнүгүү демилгесинин (OPHI) эксперттери дүйнө жүзү боюнча жакыр адамдардын санын эсептеп чыгышты. Изилдөө алардын расмий сайтында жарыяланды.
Алардын докландындагы маалыматка ылайык, дүйнө калкынын 1 миллиард 100 миллиону жакырчылыкта жашайт. Алардын ичинен 40 пайызы (455 миллион адам) согуштардан, туруксуздуктан жана тынчтыктын төмөн деңгээлинен жабыркаган өлкөлөрдө жашашат.
"Биз жакырчылыктын деңгээли чыр-чатактар болгон аймактарда бир топ жогору экенин аныктадык. Согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө ар бир үчүнчү адам жакыр жашайт", - дешкен авторлор.
Окумуштуулар кошумчалагандай, 1 миллиард 100 миллион жакыр калктын жарымынан көбү 18 жашка чейинки балдар (584 миллион).