ММА мушкери сүйлөшкөн кызын күч менен кармап, сабап салган

ММА мушкери Роман Неретин Москвадагы батирде сүйлөшкөн кызын сабап, бир суткадан ашык камап койгон. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, Асел менен Неретиндин мамилеси келишпей, эки башка жолго кетишкен.

Бирок, мушкер мурдагы сүйлөшкөн кызынын артынан түшкөндү токтоткон эмес.

Асел Романга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүүгө макул болгондон кийин баары тескерисинче болгон. Мушкер кызды батирине алып барып күч менен сабап, камап койгон. Ошондой эле кыздын көгөргөн жерлери билинбеши үчүн денесине май сыйпаган.

Кыйноодон кийин Асел батирден качып чыгууга жетишкен. Ал дароо полиция кызматына барган. Учурда мушкер издөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан