Бишкек шаарында Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган корей кимчи фестивалы өттү. Бул туурасында бүгүн, 21-октябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ. Фестиваль корей ашканасын тааныштыруу жана кимчи жасоо иш-чараларын уюштуруу үчүн маанилүү окуя болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Кореянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ким Квангдже, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.