Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков Орусиянын Саха Республикасында (Якутия) өткөн эл аралык мелдеште коло байге утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдеш 19-20-октябрда өтүп, анда 10дон ашык өлкөнүн спортчулары күч сынашты.
Кыргызстандан бул турнирге 3 спортчу барган.
Мелдеште алтын уткан спортчуларга 200 миң рубль, экинчи орунга 100 миң, ал эми коло алгандарга 75 миң рублдан байге берилди.
Белгилей кетсек, турнир якутиялык машыктыруучу Дмитрий Коркиндин элесине арналып уюштурулган.