Бүгүн, 21-октябрь күнү Албаниянын Тирана шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер башталды. Килемде грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82, 97 килограмм салмак категориясында беттештер өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат.
- 60 килограммдык салмактагы Акыл Сулайманов грузиялык Абуладзе Придон менен беттешет;
- 67 килограммдык салмактагы балбан Раззак Бейшекеев Албаниянын күрөшчүсү Даниель Дажаниге чыгат;
- 72 килограммдык салмактагы Адилхан Нурланбеков Түркиядан барган Мухаммед Гөчмен менен беттешет;
- 82 килограммдык салмактагы Бекзат Оркул уулу Армениянын балбаны Самвел Григориянга чыгат;
- Ал эми 97 килограммдык салмактагы Нурмамбет Раймалы уулу болсо Хорватия менен Сербиянын балбандары менен күч сынашат.
Белгилей кетсек, беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30 башталат.