* 1918-жылдын 1-январында Пишпекте Совет бийлиги орногон.
* Мындан 71 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1942-жылы акын, КРнын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев туулган. Кесиби математик болсо да, ал адабият жана журналистика тармагында бир катар алгылыктуу иштерди жасаган. Шабданбек Кулуев «Куланчы мерген», «Алас-алас», «Эл-жер баяны», «Кийик-Сай», «Кылымдар жаңырыгы», «Өмүр издери», «Сезим кайрыктары», "Мидин минткен экен» деген китептердин жана бир нече ыр жыйнактарынын автору.
*2011-жылы 1-январда ИИМ Ахматбек Келдибековдун кримавторитет Камчы Көлбаев менен жолукканын тастыктаган.
* Мындан 104 жыл мурун Улуу Британияда алгачкы жолу пенсия таркатылган.
* 1968-жылдын 1-январында орусиялык 1-каналдын эфирине алгачкы ирет “Время” программасы чыккан.