Орусиядагы оппозиция лидери Алексей Навальныйдын жубайы Юлия Навальная эгер Орусияга кайтып келсе, президенттик шайлоого катыша турганын билдирди. Бул тууралуу ал Би-Би-Си орус кызматына берген маегинде айтты.
"Менин максатым – өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү жакындатуу жана мүмкүн кылуу. Эгер мен Орусияга кайтып барсам, президенттик шайлоого катышам", — деген Навальная.
Ошол эле учурда ал азыркы бийликтин тушунда Орусияга келүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин белгилеген (экстремисттик уюмга катышкан деген айып менен сыртынан камакка алынган).