Германиялык "Байер" футболдук клубунун нигериялык жылдыз оюнчусу Виктор Бонифас коркунучтуу кырсыктан кийин ооруканага жеткирилди. БУл тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Кырсык футболчу жүргүнчү орундукта отурган достору менен аэропортко баратканда болгон. Айдоочу чарчагандыктан рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында футболчу отурган унаа ала салып кеткен.
Окуядан кийин 23 жаштагы футболчу ооруканага жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөн. "Байер" клубу футболчу колунан жаракат алганын билдирген.
Бул сезондо Бонифас "Байер" үчүн 10 оюн өткөрүп, 7 гол киргизип, 1 жолу голдук пас чыгарып берген.