Бүгүн, 22-октябрда Албаниянын Тирана шаарында 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпиондугу уланууда.
Мелдештин экинчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 55, 63, 77, 87 жана 130 килограмм салмак категориясында беттештер өтөт.
Кыргызстандын атынан төрт балбан килемге чыгат:
Мухаммед Калбаев (63 килограмм),
Ырыскелди Максатбек улуу (77 килограмм),
Асан Жанышов (87 килограмм),
Эрлан Манатбеков (130 килограмм).