1-октябрдан тарта аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыздоо жогорулатылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Президент Садыр Жапаровдун 18-октябрда кол койгон №299 жарлыгына ылайык, аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосу 10,8 пайызга жогорулады.
Жарлык пенсия алууга укугу бар жана аскердик кызматты улантып жаткан адамдарга жайылтылбайт.
Жарлык 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кире турганы белгилүү болгон.
Белгилей кетсек, Каржы министрлигинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, жогорулатуудан кийин аскер кызматкерлеринин пенсиясынын орточо өлчөмү 18,3 миң сомду, өсүү орточо 1,8 миң сомду түзөт.