Казак жигити Нурдаулет Төлөпберген Аиданы эмнеге ала качып кеткенин түшүндүрдү (видео)

Ырчы Аида Багышбекова менен блогер Нурдаулет Төлөпберген үй-бүлө курду. Белгилүү болгондой кечээ, 22-октябрда Аиданы Нурдаулет Бишкектен Казакстанга ала качып кеткен.

Окуя боюнча Аида Багышбекова Инстаграм баракчасында билдирүү калтырып, макулдугун бергенин билдирип өткөн.

"Буйруганы ушул экен. Чуркаган албайт, буйруган алат болду окшойт. Эми калганы Кудайдан, баары жакшы болот деп ишенем", - деген ал.

Ал эми Нурдаулет Төлөпберген Инстаграм баракчасы аркылуу эмне үчүн мындай кадамга барганын, ала качууну алдын ала пландаганын айтып өттү.

"Негизи Аида экөөбүз баарын токтотуп, мен чек арадан чыгып кеткен болчумун. Аида "мен сага ишенбейм, мүнөзүбүз дал келбейт, экөөбүздөн эч нерсе чыкпайт" деген. Мен макул деп кетип калдым. Ала качууну негизи алдын ала пландагам. Балдардын баарын чакырып, Аиданы алдап чыгардым дагы, алып кетип калдым. Мен кыздын көзүнөн мага деген сезимди байкадым, айткан сөздөрүн мага болгон таарыныч деп кабылдадым", - деген казак жигити Нурдаулет Төлөпберген.

Белгилей кетсек, Аида Багышбекова менен Нурдаулет Төлөпберген Казакстандын "Кошулайык" телеберүүсүндө таанышкан. Бирок алар бир нече ай мурун эки айрым жолго түшүшкөнүн социалдык баракчаларына жарыялаган болчу.

Казак жигити Нурдаулет Төлөпберген Аиданы эмнеге ала качып кеткенин түшүндүрдү 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан