Кыргызстан 124 эл аралык уюмдун мүчөсү. Борбордо ТИМдин 80 жылдыгы белгиленди (сүрөттөр)

Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарында Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы белгиленди. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, дипломатиялык система 1990-жылы декабрда Эгемендик декларациясын кабыл алып, эл аралык укук менен элдердин ортосундагы достук принциптерин таануу аркылуу бекемделгенин айтып өттү.

Мамлекет башчысы кыска убакыттын ичинде Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, учурда 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамилелерди түзгөнүн белгилей кетти. Бүгүнкү күндө өлкө 124 эл аралык уюмдун мүчөсү катары саясий диалогду бекемдөө жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп кырдуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүнүн үстүндө экендиги кошумчаланган.

Мындан тышкары өлкөнүн тышкы саясатын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жана кесиптик майрамга карата бир катар ардагерлер, кызматкерлер сыйланды.

III даражадагы “Манас” ордени “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы Жаңыл Туменбаевага берилди.

“Данакер” ордени менен бирикменин аксакалдар кеңешинин мүчөсү Жумакадыр Атабеков сыйланды.

Ал эми “Даңк” орденине дипломатиялык кызматынын ардагерлери Муратбек Иманалиев, Эднан Карабаев жана мамлекеттик ишмер, советтик жана орусиялык дипломат Кеңеш Кулматов ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан