Парламент комитети Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети кезексиз жыйынында Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карап, жактырды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин тиешелүү сунуштамасы менен тааныштырды.

Отурумдун жүрүшүндө депутат Нурбек Сыдыгалиев Медербек Сатыевге кайрылып, аймактардагы соттордун жерге байланыштуу укуктук мамилелер жаатындагы чечимдеринин мыйзамдуулугуна өзгөчө көңүл бурду. Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова кепилдиктерди камсыз кылуу жана менчик укуктарын коргоо жаатындагы маселелерди белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан