Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна барды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, расмий жолугушуу аземи аяктагандан кийин делегация башчылары бейформал шартта жолугушууга катышуу үчүн залга өтүштү.
Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында президент Жапаров XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.