Дастан Бекешев өспүрүмдөр арасында квадробика тренди тарап жатканын айтты 

Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев өспүрүмдөр арасында тарап жаткан квадробика тренди боюнча сөз кылды.

Анда депутат билим берүү министрлиги абалды көзөмөлгө алып, мектептерде профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүсү керек экенин билдирди.

"Азырынча чоң көйгөй эмес, бирок өспүрүмдөр арасында тарап жаткан тренд. Кээ бир мектептерде биздин өспүрүмдөр атайын жаныбарларга окшоп, ар кандай кылыктарды кылып жатышат. Ар бир мектепте түшүндүрүү иштери болуш керек. Билим берүү министрлиги бул маселени карап чыксын", - деди эл өкүлү.

Квадробика – бул балдар жана өспүрүмдөр арасында популярдуу тренд. Квадроберлер жаныбарлардын беткаптарын кийишип, кийимдерине куйруктарын чаптап, басышат, чуркашат, төрт буту менен секирип, өздөрүн айбанга окшоштурушат. Кыргызстанда азыркы учурда бул тренд анча жайылган эмес.

Дастан Бекешев Квадробика боюнча маселе көтөрүп, түшүндүрүү иштери керек экенин айтты 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан