Бүгүн, 24-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Чүй облусундагы айланма жолдун боюнда күйүүчү май, көмүр саткандарды жөнгө салууну сунуштады.
"Жолдун боюна аткезчилик жол менен алып чыгып алышып, сатып жатышат. Бул туура эмес көрүнүш го дейм. Биз чет жактан келген туристтерге жакшы көрүнүштөрдү көрсөтүшүбүз керек. Илгерки 1990-жылдарга кайра түшпөйлү да. Муну көзөмөлгө алып, жок кылыш керек. Ошондой эле жолдун боюнда көмүр саткандар дагы болуп жатат. Көмүрдү борбордук көчөлөрдө эмес, кампаларды ачып алып сатышсын да", - деди Сыдыгалиев.