Өлкө башчы Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна барды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чарага келген мамлекет башчыларын Орусиянын президенти Владимир Путин тосуп алды.
Саламдашуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин, өлкө лидерлери XVI БРИКС+ саммитинин биринчи пленардык отурумуна кеңейтилген форматта катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.