Жыл жыйынтыгы: 2013-жылдын 11 айында 21400дөн ашык кылмыш иши катталган

2013-жылдын 11 айында ИИМ тарабынан 21400дөн ашык кылмыш иши катталып, анын 70 пайызынын бети ачылган. Ал эми 2012-жылы 23100дөн ашык кылмыш катталса, анын 67 пайызынын бети ачылган. 

11 ай ичинде катталган кылмыштар:

2013

Зордуктоо боюнча 310 кылмыш катталып, 98 пайызынын бети ачылган.

2012

Зордуктоо боюнча 290 кылмыш катталып, 95,5 пайызынын бети ачылган.

2013

Уруулук боюнча 9150 факты катталган.

2012

Уурулук боюнча 9900 факты катталган.

2013

Мал уруулук боюнча 760 факты катталып, 550 кылмыштын бети ачылган.

2012

Мал уурулук боюнча 870 факты катталып, 70 пайызынын бети ачылган.

2013

Тоноо боюнча 1500 кылмыш катталып, 70 пайызынын бети ачылган.

2012

Тоноо боюнча 1890 кылмыш катталып, 60 пайызынын бети ачылган.

2013

Каракчылык боюнча 260 кылмыш катталган.

2012

Каракчылык боюнча 367 кылмыш катталган.

2013

2023 адам дайынсыз жоголуп, 1674 адам табылган.

2012

2041 адам дайынсыз жоголуп, 1703 адам табылган.

2013

Баңгизаттар боюнча 1540 факты катталган.

2012

Баңгизаттар боюнча 1430 факты катталган.

2013

15900 килограмм баңгизаттары алынган.

2012

14500 килограмм баңгизаттары алынган.

2013

Денеге атайылап зыян келтирүү боюнча 239 кылмыш катталып, 91 пайызынын бети ачылган.

2012

Денеге атайылап зыян келтирүү боюнча 263 кылмыш катталып, 81 пайызынын бети ачылган.

2013

1500дөн ашык өзгөчө оор кылмыштар катталып, 85 пайызынын бети ачылган. 

2013

570ден ашык өтө оор кылмыштар катталып, 88 пайызынын бети ачылган. 

2013

210дон ашык кызматтык кылмыштар катталып, 73 миллион сом зыян келтирилген. Анын 43 миллион сому кайтарылган.  

2013

Кылмышка шектүүлөрдүн 1360дан ашыгы жумушта иштегендер. Анын 943ү кызматтык адамдар.  Ошондой эле кылмышка шектүүлөрдүн 11500дөн ашыгы жумушсуздар болсо, 580ден ашыгы студент жана окуучулар.

2013

11 айда 782 нааразычылык акциясы катталган. Бишкек шаарында 425, Жалал-Абад облусунда 101, Ысык-Көл облусунда 53, Баткен облусунда 49, Нарын облусунда 43, Ош шаарында 25, Ош облусунда 39, Чүй облусунда 27 митинг болгон.

Митингдер негизинен саясий, социалдык-экономикалык мүнөздө болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан