Президент Садыр Жапаровдун 23-24-октябрда Татарстандын Казань шаарына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы XVI БРИКС саммитине катышты.
Кеңейтилген форматтагы жыйында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы өлкөнүн күн тартибинде турган негизги маселелерди чечүү боюнча жамааттык аракеттерге өз салымын кошууга даярдыгын жана элдердин жыргалчылыгы үчүн достукту жана өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн иш-чаранын катышуучулары менен көп пландуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендигин билдирди.
Ал эми бүгүн, 24-октябрда Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкекке кайтып келди.