Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин "Кала берди" аттуу ыр саптарын бөлүштү. Калаа башчысы анда ал ыр саптар кимге багытталганын ачыктаган эмес.
"Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим...
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен анын ит экенин билип туруп.
Ал мени эшек деди. — Ооба — дедим.
Болбосо шылдыңдоого жетет тилим...
Не кылам ажылдашып, кажылдашып
Мен анын билип туруп эшектигин.
Ал мага албууттанып жана берди
Сөздөрү жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып
Артымдан ээрчий басып кала берди",
- деп жазды Нусувалиев.
Буга чейин 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев партиялашы Эрулан Кокуловго болушкан. Ал кесиптеши менен Токмок шаарынын мэринин ортосундагы жаңжалга токтолуп, депутаттарды парламенттин кадыр-баркына шек келтиргендерге биргелешип жооп кайтарууга чакырган.
Ага чейин 18-октябрда Эрулан Кокулов кесиптештерине нааразы болгон. Анда ал Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен болгон жаңжал боюнча сөз сүйлөп, бир ай унчукпай келгенин айтып өткөн.
Эске салсак, 17-сентябрда социалдык тармактарда депутат менен мэр тирешкен видео тараган. Аны Кокулов бөлүшүп, Токмок шаарына жарандардын көйгөйүн угуу үчүн барганын айткан. Видеодон эл өкүлү алгач калаа башчысынын иш бөлмөсүнө барып, маселени талкуулаганы экөө чогуу жерине келгенин, жеринде алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кайым айтышканын көрүүгө болот.
Андан соң Эрулан Кокулов SUPER.KG порталына Максат Нусувалиев менен чырдаша кеткени боюнча комментарий берген.
Ага Нусувалиев жооп кайтарып, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн. Ошондой эле ал "таракан" кубалап жүрүп депутат болгон киши ага баа бере албай турганын айткан.