Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүлө тургандыгын айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-октябрда парламентте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.
“Биз гимнди өзгөртөбүз. Себеби гимнди кабыл алганда Советтер Союзунан чыккан маал болгон. Азыр биз толук бутуна турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошол үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болушу керек”, - деди Шакиев.