"Мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок". Мындай билдирүүсүн бүгүн, 25-октябрда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов өз социалдык баракчасына жазып калтырды.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин билдирүүсү анын жеке көз карашы.
"Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек. Бул болсо бир топ убакытты алат.
Андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт", - деп билдирген Алагөзов.
Белгилей кетсек, спикер иш-чаралардын биринде сөз сүйлөп жатып мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча өз пикирин
айткан. Ал коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.