Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы полицияга арыз жазды

Мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Бивол мурунку күйөөсүнүн командасына каршы полицияга арыз жазды. Бул тууралуу РЕН ТВ телеканалы жазды.

34 жаштагы Екатерина Бивол Санкт-Петербург полициясына анын телефонуна мурунку күйөөсүнүн командасынан өлүм коркунучу бар билдирүүлөр келип түшкөнү үчүн арыз жазган.

Ошондой эле учурда мурунку жубайлар алимент өндүрүү боюнча соттошуп жатканы белгилүү болду.

Дмитрий менен Екатерина Бивол экөө тең 16 жашында Санкт-Петербургдун аэропортунан таанышышкан. Жубайлар Мирон жана Никон аттуу эки уулдуу болушкан.

Ушул жылдын апрель айында Екатерина Бивол жолдошу экөө эки ажырым жолго түшкөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан