Мындан 62 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1952-жылы коомдук-саясий ишмер Кубатбек Байболов Аламүдүн районунун Чоң-Арык айылында жарыкка келген. Ал 1977-жылы КМУнун тарых факультетин аяктап,1983-жылы Ташкент шаарында Чалгындоо окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин экономикалык жана юридикалык кесипке да ээ болгон. Кубатбек Байлов Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты. 2009-жылы мартта үй-бүлөсү менен АКШга кетүүгө аргасыз болуп, Апрель окуясынан соң кайтып келген. Ал эмгек жолунда УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облусунун коменданты, Ички иштер министри, Баш прокурордун милдетин аткаруучу сыяктуу бир катар жоопкерчиликтүү жумуштарды аркалаган. Үй-бүлөлүү. Төрт кыздын жана эки уулдун атасы.
Кыргыз шоу-дүйнөсүнө 2012-жылы кадам таштап, элге “Керексиң мага”, “Жалгызым”, “Эркелеп”, “Акыркы кат” деген ырлары менен таанымал болгон рэп-ырчысы Бегиш 1992-жылдын 2-январында Алай районунда төрөлгөн.
* 2003-жылдын 2-январында Ысык-Көлдө туризм шартын өнүктүрүү максатында Семёнов капчыгайында лыжа базасы ачылган.
* Мындан 175 жыл илгери 2-январда франциялык сүрөтчү Луи Дагер алгачкылардан болуп Айдын сүрөтүн фотоплёнкага түшүргөн.
1963-жылы 2-январда Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, продюсер Сергей ЖигуновРостов-на-Дону шаарында жарыкка келген. Ал "Менин сүйүктүү бала багуучум", "Эки гусар", "Вовочка", "Менин генералым" тасмаларында жараткан ролдору менен элге белгилүү.