Жылнаама. 3-январь: Мындан 9 жыл мурун КРнын Эл артисти Орозбек Кутманалиев көз жумган

* Кыргыз өкмөтү 2004-жылдын 3-январында (10 жыл мурун) "Чакан авиацияны өнүктүрүү" тууралуу токтом кабыл алган. Анда Бишкек эркин экономикалык аймагында А-27М учактарын чыгаруу жана экспорттоо жагдайы белгиленген. 

Мындан 9 жыл мурун, тагыраак айтканда, 2005-жылы 3-январда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Орозбек Кутманалиев 72 жаш курагында көз жумган. Ал  “Ак кеме” фильминде Орозкулдун, “Сүйүү жаңырыгында” Бектемирдин, “Эрте жаздагы турналарда” Бейшембектин, “Ак куулар конгон айдың көлдө” Сабырбектин ролун жараткан. Залкар талант 30га жакын фильмге тартылып, кыргыз киносунун өнүгүшүнө салым кошуп кеткен.

*1888-жылы 3-январда (126 жыл мурун) Вашингтондо Стоун аттуу ишкер коктейль ичүүчү түтүкчөнү патенттеген. Ал кезде түтүкчөлөр кагаздан гана жасалчу. 

Формула-1дин тарыхында эң ийгиликтүү учкуч, Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахер 1969-жылы 3-январда жарыкка келген.

* Мындан 37 жыл мурун “Apple” фирмасы алгачкы компьютерин чыгарган.

* 1982-жылы  3-январда украиналык ырчы жана актриса Вера Брежнева туулган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан