Бүгүн, 30-октябрда Бишкек–Ош унаа жолунун “Сосновка” постундагы оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 07:30да алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Буга чейин кечээ, 29-октябрда жүргүнчүлөрдүн жол кырсыгына кабылуусунун жана тыгындардын пайда болушунун алдын алуу үчүн оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилген болчу.