Бүгүн, 30-октябрда Жумгалда дайынсыз жоголгон эки тургунду издөөгө учкучсуз учуучу аппараттар тартылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын тапшырмасы менен Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөөгө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын учкучсуз учуучу аппараттар бөлүмүнүн кызматкерлери кошулду.
"Учкучсуз учуучу аппараттар издөө иш-аракеттеринин натыйжалуулугун кыйла жогорулатып, жетүүгө кыйын болгон жерлерди жана кеңири аймактарды изилдөөгө жардам берет", - деп билдирди ИИМ.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы
Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип,
дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган. Бүгүн, 30-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан издөөгө 104 адам
чыккан.