Бүгүн, 30-октябрда "KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат боюнча УКМК билдирүү таратты.
Атайын кызмат Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирди.
"Бүгүн саат 9:00дө УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан пландуу кыдыруу учурунда, Имамидин Ташовдун курсагынан эки бычак сайылган жара табылган жана "Тез жардам" келгенге чейин УКМКнын тергөө абагынын медициналык кызматкерлери тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. "Тез жардам" келгенден кийин Ташовду 4-шаардык ооруканага алып баруу чечими кабыл алынган. Ошол учурда анын абалы туруктуу деп бааланган.
Имамидин Ташовдун камералашынын айтымында, анын жанында бир жолу колдонулуучу устара сакталып, анын кесепетинен денесине залал келтирген. Айрым маалыматтар боюнча, кармалган адам жакын туугандары менен сүйлөшүп алып, өз жанын кыюуга атайын даярданган", - деген маалымат берди.
Ошондой эле Ташов 4-шаардык оорукананын хирург-дарыгери тарабынан кароо учурунда УКМКнын тергөө абагында кыйноолорго кабылгандыгын айтканы кошумчаланды.
"Бирок бул факт чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын тергөө абагынын периметри боюнча видеокөзөмөл камералары тастыктап турат. Ошол эле учурда УКМК бул тууралуу прокуратурага кабарлап, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлерин чакырган. Деген менен Ташов Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлеринин суроолоруна жооп берүүдөн кескин баш тарткан", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Имамидин Ташов Юстиция министрлигине караштуу №21 тергөө абагына киргизилди.