Бүгүн, 30-октябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышы орнотулду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык баракчасынан билдирип, видео менен бөлүштү.
Анда ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, “Мега” компаниясы аркылуу маселе чечилгендигин айткан.
"Президент администрация кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Бүгүн компаниясынын башкы директору Эльнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып маалымат берди", - деп калтырган билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган. Анда айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү
өтүнүшкөн.