Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча сот отуруму 1-ноябрда өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда адвокат Жанат Гүлжигитов билдирди.
Жактоочу билдиргендей, соттук отурум 1-ноябрда саат 10:00дө Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтөт.
Буга чейин 16-октябрда Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү маалымдалган.
Эске салсак, 10-июлда Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнү Башкы прокуратура көзөмөлгө алган. Бишкектин Октябрь РИИБи 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» боюнча айыпталууда.
Айтургандын өлүмү коомчулукта резонанс жараткан. Белгилүү болгондой, ал 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.
Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.