Жаңы жыл түнү саат 00:19дар чамасында Жайыл райондук администрациясынын аянтына тургузулган балаты өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Чыккан кызыл жалын өрт өчүрүүчүлөр келгенче эле өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери изилденүүдө.