Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакытбек Марипов айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендин суроолорун жеңилдетүүнү сунуштады.
Ал айдоочулук күбөлүк алууда көпчүлүк жарандар практикалык сынактан өтүп, бирок теориялык суроолордон кулап калып жатканын айтты.
"Практикалык тапшырманы жакшы тапшыргандар деле теориялык суроолордон айлап, жылдап тапшырып өтпөй жатышыптыр. Ошондуктан теориялык суроолорду жеңилдетсек. "7-8 жолу тапшырып, теориялык суроолордон өтпөй жатабыз" деп жатышат", - деди Марипов.