Ноокат шаарындагы 6 чакырым жол жана Ош-Баткен автожолундагы эки көпүрө колдонууга берилди (видео)
Бүгүн, 31-октябрда Ош-Ноокат автожолунун жаңыланган жана кеңейген бөлүгүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болду. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус жетекчиси Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.
Анда Элчибек Жантаев 2023-жылы облус боюнча жол тармагында жалпы 112,6 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 2024-жылдын тогуз айлык жыйынтыгы менен 99,11 чакырым жолго асфальт төшөлгөндүгүн билдирген.
"Анын ичинен 17,53 чакырымы ушул Ош-Баткен-Раззаков автожолунун эки катмарлуу асфальты. 2025-жылы Ош-Баткен-Раззаков автожолунун калган бөлүгүн асфальттоо пландалып жатат. Бул иштер аткарылса Ош менен Баткен облустарын байланыштырган негизги жол каттамы толук оңдолуп бүтөт.
Ош-Баткен-Раззаков эл аралык маанидеги автоунаа жолунун Ноокат районун аралап өткөн эң орчундуу бөлүгү 13,5 чакырым аралыгынын экинчи катмары толук төшөлүп бүткөн. Ноокат шаарын аралап өткөн эл аралык маанидеги жолдун 34-40-чакырым аралыгы 4 тилкелүү болуп салынып, ирригация, жарыктандыруу, жашыл зона жана тротуар куруу иштери аяктап калган.
Аны менен катар Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы Абшыр-Сай көпүрөсү жана 43-чакырымында жайгашкан Чили-Сайкөпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулуп бүткөрүлдү. Ал эми жолдун 29-чакырымындагы Кыркол-Сай көпүрөсүн куруу иштери 80 пайыз аяктап калды. Негизинен жалпы жумуштар планга ылайык жүргүзүлүп, өз убагында аяктады", - деп айтылат маалыматта.