Ошто “ымыркайын 30 миң сомго сатты” деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Өзгөндүн Шерали айылында убактылуу жашап жаткан Өзбекстандын 40 жаштагы жараны жаңы төрөлгөн баласын 30 миң сомго сатып, акчасын алып, ымыркайды өткөрүп берип жаткан жеринен кармалды. Бул акчага ал Орусияга кетмей болуп жатканын айтууда. Үйүндө дагы эки баласы бар бул жарандын мурда соттолбогону, эч жерде иштебей жүргөнү аныкталды.
Ымыркайдын энеси 35 жаштагы Умида Ашурова Өзбекстандын Дардак айылында туулган. 6-декабрда көз жарып, төрөт учурунда кан көп кетип калгандыктан эс-учун жоготуп, эки күндөн кийин ооруканага жатып калган. Бүгүн, 2-январда эртең менен анын каза тапканын шаардык милициядан кабарлашты.
Учурда тартип коргоо органдары бала кандайча атасынын колуна берилип калганын териштирип жатышат. Ага карата "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.