31-декабрда Таласта Мицубиси жана Хонда Аккорд унаалары кагышып, жол кырсыгынын кесепетинен 1 адам каза таап, экөөсү жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык болгон жерде Талас шаарынын Куткаруу кызматы иштеп, жабыркагандар ооруканага жеткирилген.