Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча соттук отурум болду.
Анда сот залынан ызы-чуу чыгарган Маматкулованын апасы Гүлшайыр Сейитова күйүттөн улам сүйлөгөн сөздөрүн билбей калганын айтты.
"Кызым көзгө элестеп, эмне деп сүйлөгөнүмдү деле билбей калдым. Кызымды жанымда тургандай элестетип, башкача болуп кеттим. Мен Тилекке кызымды өз колум менен бердим эле, кайра өлүгүн алдым. Жан алгычтар кызымды жеп коюшту", - деди ал.
Эске салсак, Айтурган 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.
Бул боюнча 10-июль күнү Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Райондук ички иштер башкармалыгы кийин, 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу Тилек Наркулов кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча айыпталууда.
Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.