"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечимисиз эле которулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-ноябрда Ташовдун адвокаты Самат Матцаков билдирди.
"Учурда Имамидин Ташов Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеде. УКМКнын тергөө абагы Имамидин Ташовду башка тергөө изоляторуна которуу үчүн арыз жазган. Бирок сот арызды карай элек, биз соттун чечимин көрө элекпиз. Бизге бул жагдайды УКМКнын СИЗОсунда адам толуп кетти деп түшүндүрүштү", - деди Матцаков.
Ошондой эле ишкердин адвокаты шектүүнү башка тергөө абагына которуу боюнча сот отуруму жактоочулар менен өтүшү керек экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 30-октябрда ишкер Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салды деген маалымат тараган. Аталган окуя боюнча УКМК маалымат берип, Ташов коомчулуктун көңүлүн буруу максатында атайылап өзүнүн ден соолугуна залал келтиргенин билдирген.
Атайын кызмат Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Юстиция министрлигине караштуу №21 тергөө абагына киргизилгенин кошумчалаган.