Акыркы жылдары Кыргызстан авиацияны өнүктүрүүгө жана авиация тармагынын коопсуздугунун стандарттарын жогорулатууга катуу басым жасап келет. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Президент билдиргендей, улуттук авиациялык системаны эл аралык талаптарга толук шайкеш келтирүү үчүн олуттуу иштер жасалды.
"Бул аракеттердин бири Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин бир жыл ичинде Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) коопсуздук боюнча эки аудитинен (учуу коопсуздугу жана авиациялык коопсуздугу) ийгиликтүү өтүшү болуп саналат.
Биздин башкы милдетибиз – чет өлкөдө иш алып барган авиакомпанияларга катуу көзөмөл орнотуп, алардын ар бир учуусу мамлекеттин жана эл аралык коомчулуктун талабына толук жооп берерине кепилдик берүү. Судан Республикасында мурда Кыргызстандын каттоосунан чыгарылган Ил-76 учагы менен болгон соңку окуя натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнүн зарылдыгын курч коюп жатат.
Минстрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда катталган айрым авиакомпаниялар чет өлкөдө гана рейстерди аткарып, кээде кооптуу аймактарда учаары аныкталды. Мындай иш-аракеттер бизде бул авиякомпаниялар эмне ташып жаткандыгы жана алардын максаттары тууралуу олуттуу жана негиздүү суроолорду жаратат.
Биздин максат – Кыргызстандын туусу алдында иш алып барган ар бир авиакомпаниянын өз ишмердүүлүгүн толук ачыктуулук жана эл аралык коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүүсүн камсыздоо. Бул окуя авиакомпаниялардын чет өлкөдө аткарган ар бир учуу ишине катуу жана үзгүлтүксүз көзөмөл киргизүү зарылдыгын баса белгилейт. Анткени мындай көрүнүштөр Кыргызстандын Европа Биримдигинин кара тизмеден чыгуу аракеттерине түздөн-түз коркунуч жаратууда.
Мен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга чет өлкөдө гана иш жүргүзгөн авиакомпанияларды кылдат жана тез арада текшерип чыгып, талапка жооп бербегендерге катуу чара көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын президентинин тиешелүү Жарлыгын даярдоону тапшырдым.
Келечекте биз бул багыттагы көзөмөлдү күчөтүү менен гана чектелбестен, авиация тармагында коопсуздуктун жогорку стандарттарын ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырабыз. Кыргыз Республикасынын авиациялык чөйрөсүн эл аралык коомчулук алдында ачык-айкын, коопсуз жана ишенимдүү деңгээлде чыңдоого чечкиндүү кадам таштайбыз" деп жазылат анда.