2014-жылдын 1-январында саат 23:45тер чамасында Чапаев-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинен Хонда Аккорд үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып төлөөчү жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.