Нью-Йорктун мэри шаар тургундарын сууну үнөмдөөгө чакырды

Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс тургундарды жана мамлекеттик мекемелерди сууну үнөмдөөгө үндөдү. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда кабарланды.

Ага ылайык, октябрь айы шаар тарыхындагы эң кургакчыл айлардын бири болду.

"Октябрь тарыхтагы эң кургак айлардын бири болду... Бардык калаадагы мекемелерди сууну үнөмдөө боюнча өздөрүнүн пландарын түзүүгө жана аларды ишке ашырууга чакырам. Бирок бизге сиздердин (шаар тургундары) жардамыңыздарга муктажбыз" деген мэр.

Жергиликтүү NBC News белгилегендей, октябрь айы шаар тарыхында эң кургак айлардын бири болду. Алгачкы жолу 29-октябрда жаан-чачын катталып, болгону 0,01 дюйм же 0,25 миллиметрди түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан