Москвадагы үйлөрдүн биринен 23 жаштагы кыргызстандык жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу 2-январда орусиялык маалымат булактары жарыялады.
Маалыматта айтылгандай, эч жерде иштебеген Кыргызстандын жараны 2 баштык ушаланган кандайдыр бир өсүмдүктүн порошогун сатууга даярдаган. Экспертизадан кийин ал порошоктун спайс наркотикалык заты экендиги аныкталды.
Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Күнөөсү далилденсе, кылмышка шектүү 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.