Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган I даражадагы "Манас" орденин чоң кубаныч менен кабыл алганын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда "Ынтымак ордо" президенттик администрациясында өлкө башчы Садыр Жапаров менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүүсүндө айтты.
Мунун алдында Жапаров Эрдоганды эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлаган болчу.
"Кыргыз калкы үчүн абдан баалуу болгон "Манас" орденин мага ыйгарган бир тууганым Садыр Жапаровго өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем. Бул жогорку наамга ылайык көрүлгөнүм, Ата Журтубуз Кыргызстанга жасалган расмий сапарымды туу чокуга чыгарды. "Манас" наамын өлкөлөрүбүздүн ортосундагы эзелки жана түбөлүк бир туугандыгыбыздын ажырагыс символу катары чоң кубаныч менен кабыл алдым", - деди Түркия лидери.