Бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан-Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык мамилелерин жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгаруу жөнүндө биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Өлкө башчынын администрациясы билдиргендей, Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган кечээ, 4-ноябрда мамлекеттик сапар менен Бишкекке келген.
Мындан тышкары, төмөнкү документтерге кол коюлду:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы коопсуздук жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда аудиовизуалдык кызматтарды биргелешип өндүрүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Режеп Тайып Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-түрк достук ооруканасын биргелешип башкаруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын Түркия Республикасында медицина жана медициналык адистиктер жаатында окутуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жаныбарлардын ден соолугун коргоо, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды сатуу маселелери боюнча макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Түркия Республикасынын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлигинин ортосундагы энергетика, энергиялык майнаптуулук жана энергияны үнөмдөө тармагында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы продукциянын коопсуздугу жана рынокту контролдоо жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Түркия Республикасынын Казыналык жана финансы министрлигинин ортосундагы меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Түркия Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин Башкы катчылыгынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосундагы кинологиялык иш боюнча кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө протокол;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен Түркия Республикасынын Президентине караштуу Адам ресурстары башкармалыгынын кеңсесинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө протокол;
- Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын Финансы боюнча башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Түркия Республикасынын Ички иштер министрлигинин ортосунда миграция жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы коргоонуу өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин линиясы боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасына болгон мамлекеттик тышкы карызын кечүү жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Түркиянын аманат депозиттерин камсыздандыруу фондунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен “Орто Азиялык инвестициялык Холдинг” ААКсынын ортосундагы гидроэлектрстанцияларды куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу жөнүндө алкактык макулдашуу.