Чүйдө жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында катуу шамал болот. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анда батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болуусу күтүлүүдө.
"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз 112 кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат", - деп билдиришти министрликтен.