1-январда милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну И.Бактыбек кайрылган. Ал карындашынын 3000 сомдук уюлдук телефонун азиат улутундагы белгисиз адам уурдап качып кеткенин айткан. Бул тууралуу 2-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кылмыштын изи сууй электе Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кызматкерлери тарабынан 16 жаштагы Э.Бектур кармалган. Тергөө учурунда анын туруктуу жашаган жери жок экени белгилүү болгон. Иликтөө иштери жүрүүдө.