Бүгүн, 7-ноябрда Улуттук тарых музейинде улуттук басылма “Кыргыз Туусунун” 100 жылдыгынын урматына көргөзмө, маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттер, жазуучулар жана коомдук ишмерлердин катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият миристрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, маданият министринин орун басары Марат Тагаев чогулгандарды “Кыргыз Туусунун” юбилейи жана Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктап, басылманын улуттук журналистика тарыхындагы чоң ролун баса белгиледи.
Салтанаттын соңунда өлкө журналистикасын өнүктүрүүгө зор салым кошкон журналисттерге төш белгилер, ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.