Бүгүн, 7-ноябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүндө “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовду президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башкалар коштоп жүрүштү.
"Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган мемориалга, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликке жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту", - деп айтылат маалыматта.
Алардын элесине багышталып куран окулду.