Тышкы иштер министрлиги Кыргыз жарандарын Орусиянын чек арасын кесип өтүүдө аталган өлкөнүн компетенттүү органдарынан алынган негизги эрежелерди эскертти. Алар:
- Орусиянын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө укук берүүчү идентификациялык документтерди алдын ала даярдоо;
- Орусияга кирүүдө мыйзамдуулугун аныктоо менен байланышкан жана белгилүү бир убакытты талап кылган кошумча текшерүү иш-чараларына даяр болуу;
- Текшерүү жүргүзүү убагында сабырдуулукка, ошондой эле Орусиянын чек ара жана башка компетенттүү органдарынын талаптарын аткарууга даяр болуу;
- Текшерүү иш-чараларынан кийин чек ара органдары Орусияга киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн;
- Орусиягы чек ара аркылуу киргизүүдөн баш тарткан учурда жаранга мындай чечимди кабыл алууга негиз болгон тиешелүү документ берилет;
- Эл аралык келишимдерге ылайык,Орусияга кирүүгө тыюу салынган адамдар авиакомпаниянын жоопкерчилигине өткөрүлүп берилет. Бул адамдар орто эсеп менен 1-3 күндүн ичинде кийинки каттам менен келген өлкөгө кайра жөнөтүлөт. Бул мезгилде авиакомпания аларды суу жана тамак-аш менен камсыз кылат;
- Адаттан тышкары жагдайлар пайда болгон учурда жарандар Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук мекемелерине кайрылып, жардам сурап, зарыл болгон учурда котормочу чакырууну суранса болот. "Шереметьево" аэропортунда Орусиянын нөөмөтчү консулунун номери 89162612384, "Домодедово" аэропортунда 89162612359, "Внуково" аэропортунда 89032118101.
Маалыматка ылайык, Орусиянын чек арасы аркылуу өтүү пункттарында киргизилген күчөтүлгөн көзөмөл бардык чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү.
"Бул жагдай «Крокус Сити Холдо» болгон теракттан кийин Орусиянын коопсуздугун камсыздоо жана терроризмге каршы коргоону камсыз кылууга багытталган", - деп жазылды маалыматта.